Электрондук төлөм жүргүзүү боюнча кыргызстандык салык төлөөчүлөр үчүн атайын маалымат китепчеси чыгарылды. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, маалымдамада интернет аркылуу кантип салык боюнча отчёт берүү керектиги, терминалдар аркылуу салык төлөөнүн жол-жобосу так көрсөтүлгөн. Максаты - салык кызматындагы жаңы кызмат көрсөтүүлөр менен салык төлөөчүлөрдү кабардар кылуу, салыкты салыкчыларсыз төгүү процессин жайылтуу жана башка.