Айыл чарба жерлерин бөлүп пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 1-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан сунушталган айыл чарба жерлерин бөлүп пайдаланууга тыюу салуучу мыйзам долбоорун карап жатат. Демилгечинин айтымында, айыл чарба жерлерин ирилештирүү керек.

“Башка өлкөлөрдө 10 гектар жери бар адам 10 баласына 1 гектардан бөлүп бербей, дыйканчылык кылам деген бир гана баласына берет. Эгерде баары дыйканчылык кылам деген болсо, баары пайдаланат, бирок бир баласынын атында болот. Ошондуктан биз да жерлерди майдалабашыбыз үчүн айыл чарба жерлерин бөлүүгө тыюу салышыбыз керек. Азыр сугат жерлери калбай бара жатат”,- деди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан