Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчилигинин имаратын курууга өкмөт 2 гектар жер бөлүп берди

Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчилигинин имаратын курууга өкмөт Бишкектен 2 гектар жер бөлүп берди. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 26-ноябрда кол койду. 2 гектар жер тилкеси акысыз пайдалануу үчүн 49 жылга берилгени айтылды. Бөлүнгөн жер тилкеси шаардын Түштүк магистраль - Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. "Кыргыз курулуш сервис" мамлекеттик ишканасына Бишкек мэриясынын тийиштүү токтому менен мурда белгиленген 22,45 гектар аянттан 2 гектар жерди аныктап, бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Аталган ишкана Сауд Арабия элчилигине документ иштерин бүтүрүүгө жардамдашуу милдети да жүктөлдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан