Жогорку Кеңештин комитети Токтогул ГЭСин жаңылоо боюнча макулдашуу долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөттү

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Токтогул ГЭСинин 2-фазасын реабилитациялоону каржылоо боюнча Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөттү. Чечим комитеттин 1-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Энергетика жана өнөр жай министрлиги долбоорду 1 айдын ичинде толуктап иштеп чыкмакчы. Жыйында аталган министрликтин жетекчиси Кубанычбек Турдубаев 2-фазаны каржылоого жалпы 250 миллион доллар жумшаларын, мунун 110 миң долларын аталган банк берип жатканын билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан