Бишкекте "Орхус конвенциясын ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу" деген темада жыйын өтөт

Бишкекте "Орхус конвенциясын ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу" деген темада конференция өтөт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, демилгенин автору - депутат Дастан Бекешев. Жыйында айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү маселеси талкууланат. Талкууланчу мыйзам долбоору "Коомчулуктун айлана-чөйрөнү коргоо жаатында чечимдерди кабыл алууга катышуусуна, маалымат алуусуна жана сот адилеттигине жетишүүсүнө жол ачуу жөнүндө" БУУнун тийиштүү конвенциясын ишке ашыруу максатында иштелип чыкканы айтылды. Тактап айтканда, мыйзам долбоору экологияны сактоо жаатында жарандардын укугун коргоо механизмдерин иштеп чыгууга багытталган. Жыйынга мамлекеттик органдын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан