Кыргызстан быйыл Өзбекстандан 56 763 тонна минералдык жер семирткич сатып алды. Муну бүгүн, 1-декабрда өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан билдиришти. Өзбекстандан минералдык жер семирткич алып кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдү камсыздоо боюнча өкмөттүн атайын токтому чыкканын эскерткен фонд буларды кошумчалады:
"Аталган өлчөмдөгү жер семирткичти сатып алуу 2014-жылкы жазгы талаа иштерин материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздоого жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каржысын толтурууга мүмкүндүк берди".