Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев менен президенттин парламенттеги өкүлүнүн ортосунда пикир келишпестик чыкты

Парламентте бүгүн, 1-декабрда депутат Өмүрбек Текебаев менен президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин ортосунда пикир келишпестик чыкты. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында Текебаев тарабынан сунушталган чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздардын мамлекеттик кызматтарга иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоору каралып жатканда президенттин өкүлү демилгеге каршы экенин билдирди. Ал аталган мыйзам долбооруна президент Алмазбек Атамбаевдин, өкмөттүн жана бир катар министрликтердин каршылыгы бар экенин айтты. “Бул мыйзамды кабыл алуу боюнча “мыйзамга ылайыксыз” деп президенттин, өкмөттүн жана бир катар министрликтердин каршы пикири келген”,- деди Абдылдаев.

Мындан кийин Текебаев: “Ылайыксыз” дегениңерди биз “ылайыксыз” деп артка кайтарып жибергенбиз. Атамбаевдин президент катары буга каршы чыгып жатышын туура эмес деп эсептейм. Өкмөт буга чейин колдойбуз деп эле келген. Сиздин пикириңиз мени кызыктырбайт, сиздин пикириңиз парламентти да кызыктырбайт. Бул мыйзам эл үчүн сунушталып жатат”,- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан