Жогорку Кеңештин спикери
Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация 27-28-ноябрь күндөрү Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарына катышты. КМШ ПАА жыйынынын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары
Айнуру Алтыбаевага
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы,
Эркин Сакебаевге КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Шериктештик ордени тапшырылды.