"Бажы союзуна кирбей калсак, кийин катуу өкүнүп калабыз",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде. Президенттин пикиринде, Кыргызстандын Бажы союзуна кириши кылдат ойлонулуп жасалган кадам. "Бул кадамга 3 жылдан бери даярданып жатабыз, бүт баарын жакшылап эсептеп чыктык. Биримдикке кирүү биринчи кезекте өзүбүзгө керек. Айрымдар "реэкспорт болбой калат" деп сындап жатпайбы. Бажы союзуна кирбеген күндө деле реэкспорт токтогону турат. Биримдикке сөзсүз киришибиз керек, болбосо "чакырганга келбеген ымдаганга зар болот" дегендей болуп кийин абдан өкүнүп калышыбыз мүмкүн. Кытайдан келген товарды гана эмес, башкасын да сыртка чыгара албай калабыз, муну унутпашыбыз керек",- деди президент.
Өлкө жетекчиси Бажы союзуна кирүү менен кыргызстандык мигранттар үчүн мыкты шарт түзүлөрүн кошумчалады.