Кыргызстандын президенти
Алмазбек Атамбаев той-аштардагы ашыкча чыгымдарды токтотуу үчүн мамлекеттин тыюу салуу демилгесин колдобойт. Муну өлкө жетекчиси маалымат булактарына 1-декабрда берген маегинде билдирди.
"Кыргыздар тажик же өзбек элиндей эмес. Той-аштардын чыгымдарына Тажикстандагыдай чектөө киргизүү, тыюу салуу менен биздин элди көндүрүүгө болбойт. Бир гана жолу бар: түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө массалык маалымат каражаттарынан жакшы эч нерсе жок",- деди Алмазбек Атамбаев.
Маалыматтарга таянсак, Кыргызстан орто эсеп менен той-ашка жылына 2 миллиард доллар коротот. Калкынын 38 пайызы жакыр жашаган мамлекет үчүн бул жакшы көрүнүш эмес.