ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Индонезия парламентинен келген делегация менен жолугушту
Бүгүн ЖКнын төрагасы
Асылбек Жээнбеков расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген Индонезия
мамлекетинин парламент өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту. Жолугушууга
ЖКнын депутаттары Роза Акназарова, Данияр Тербишалиев, Туратбек Мадылбеков,
Надира Нарматова жана Индонезиядан келген бир катар өкүлдөр катышты. Сүйлөшүүдө
эки тарап эки өлкө парламенттеринин тегерегиндеги суроолор, соода-экономикалык
жана инвестициялык мамилелер талкууга алынды.
“2013-жылы эки
өлкөнун дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнө 20 жыл толот. Мен бул расмий
иш сапары биздин кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөт деп ишенем”,- деди төрага
Асылбек Жээнбеков. Индонезия парламентинин төрагасынын орун басары Мухаммад Анис
Матта Кыргызстан азыркы учурда парламенттик демократиянын Индонезия мындан 14
жыл мурун басып өткөн этабында турганын белгиледи. Анис Матта: “Биз
Кыргызстанда да демократиялык процесс ийгиликтүү ишке ашып, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө алып келет”,- деди.