Улуттук гвардияны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курамына киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү жана коргоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 23-октябрында кабыл алынган мыйзам Куралдуу күчтөрдүн жана коргоо тармагындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын курамын тактоого багытталган. 
Мыйзамга ылайык, Куралдуу күчтөрдүн курамына аскердик башкаруу органдары, жөө аскерлер бирикмелери, бөлүктөр жана мекемелер, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү, Улуттук гвардия, Чек ара кызматы кирет. Ошондой эле аскер комиссариаттарынын ишмердигин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргызстандын жарандарын аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну  камсыз кылуу милдети коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына киргизилген. Ошону менен бирге коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Куралдуу күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу милдети жүктөлөт. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан