Алмазбек Атамбаев: "Мамлекет мындан ары дин чөйрөсүн катуу көзөмөлдөйт"

"Диний чөйрө мамлекеттин ишине кийлигишпеши керек, бирок мамлекет дин тармагына кийлигишип, мындан ары катуу көзөмөлдөйт",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда ММКларга берген маегинде. Өлкө башчынын айтымында, акыркы мезгилде өлкөдөгү диний кырдаал татаалдашып кетти. 
"Мурда дин мамлекеттен бөлөк, мамлекет ага кийлигише албай турганы жазылган концепция иштеп келген. Жакында диний тармак боюнча жаңы концепция кабыл алдык. Биз кайсы бир өлкөдөн келген жалган мусулмандардын сөзүнө алданбай, улуттук кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек. Бул өтө татаал маселе",- деди Атамбаев. 
Эскерте кетсек, президент Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясын 2014-жылдын 17-ноябрында бекиткен.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан