Каржы министри Ольга Лаврова бир жылдык авиаучуулары үчүн 400 миң сомдой ашыкча акча короткону айтылды
Кыргызстандын каржы министри Ольга Лаврова 2013-жылкы иш сапарларында учак кызматтарын пайдалануу үчүн бюджеттен 630 миң сом жумшаган. Маалымат Эсептөө палатасынын аталган министрлик боюнча жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында айтылат. Маалыматка таянсак, Лаврова аталган сумманы 6 жолу учууга жумшаган. Тактап айтканда, министрдин ар бир учуусуна 100 миң сомдон ашык акча жумшалып турган. Иш сапарларында министрди коштоп учкандардын чыгымы 233 миң сомду түзгөнү, бул сумма Лаврованын авиаучууларындагы чыгымдардан 396 миң сомго аз экени айтылды. "Авиабилеттеги баалардын айырмачылыгы мында: министр бизнес-класс менен, аны коштоп жүргөндөр эконом-класс менен учушкан. Муну менен министр бюджеттен 396 миң сомду ысырап кылган",- деп айтылат маалыматта.