Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 2-декабрда өткөргөн парламенттик угууда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу укуктук-нормативдик актылардын долбоорун талкуулады. Комитет Экономика министрлиги тарабынан сунушталган "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө", "Кыргызстанда табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө", "Жарнама жөнүндө" жана "Энергетика жөнүндө" мыйзам долбоорун 1-окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберди.
Жогорку Кеңеш каралган документтерди 23-декабрга чейин кабыл алышы керектиги айтылды. Буга чейин 16 мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алган.