Алмазбек Атамбаев парламентке аз партия өтүш үчүн босоголук баллды 10 пайызга көтөрүүнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев парламентке аз партия өтүш үчүн шайлоодогу босоголук баллды 10 пайызга көтөрүү керек деп эсептейт. Өлкө башчы 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде билдиргендей, Жогорку Кеңешке 3 же 4 партия гана өтүшү керек. "Биздин парламентте 5 фракция болгону үчүн баш аламандык болууда, өкмөт тез-тезден алмашып жатат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө, парламентинде 2-3 гана партиясы бар өлкөлөрдүн өкмөтү туруктуу. Парламентте баш аламандык азыраак болуш үчүн шайлоодогу босоголук балды 5 пайыздан 10 пайызга көтөрүү туура",- деди Алмазбек Атамбаев.  
Депутаттар тарабынан тийиштүү мыйзам долбоору даярдалып жатканын, ал мыйзам кабыл алынса, шайлоого катышкан жарандардын 10 пайыздан кем эмесинин добушун алган партиялар гана Жогорку Кеңешке өтөрүн кошумчалады президент. 
КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин маеги 01.12.14
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан