Кыргызстанда быйыл 9 айда 108 470 айдоочулук күбөлүк берилди

Кыргызстанда 2014-жылдын 9 айында жарандарга 108 470 айдоочулук күбөлүк берилди. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, берилген күбөлүктөрдүн 4669у эл аралык үлгүдө. Күбөлүктөр төмөнкү органдар тарабынан берилген:
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу автомектептер 3967 күбөлүк беришкен;
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык окуу жайлар 9333 күбөлүк;
"Республикалык Коргоо спорттук-техникалык уюму" кеңешинин окуу жайлары 20 420 күбөлүк;
"Транспорттук каражаттарды айдоочулар союзуна" караштуу автомектептер 8901 күбөлүк;
Юридикалык жактарга караштуу автомектептер 34 547 күбөлүк;
Өз алдынча даярдануу боюнча 1141 күбөлүк. 
Жараксыз абалга келгени, жоголгону, мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жана башка себептер менен 25 492 күбөлүк берилгени айтылды. 9 ай ичинде талапка жооп бербеген 104 автомектептин иши токтотулуп, 26сы жабылды.  
Кыргызстанда учурда айдоочулукка окутуучу 239 мекеме иштеп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан