Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Орусиядагы иш сапары уланууда. Оторбаев бүгүн, 2-декабрда Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстандын Базы союзуна жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушуна тийиштүү маселени талкуулашты. "Кыргызстандын Бажы союзуна жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча жол картасындагы иш-чаралар толук көлөмдө аткарылууда",- деп билдирди өкмөт башчы.
Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациянын өкмөттөрү аралык кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жылдын аягына чейин ишке киргизүүнү макулдашты.