Дастан Бекешев мектептерге ата-энелер чогулткан акчаларды ачыкка чыгарууну демилгелөөдө

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 2-декабрдагы жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Депутат Дастан Бекешев эл аралык уюмдардын биринин маалыматына таянуу менен мектептерге, бала бакчаларга ата-энелер тарабынан формалдуу эмес түрдө 2003-жылы 2 миллиард 200 миллион сом төлөнгөнүн билдирди. Ата-энелердин айрымдары мындай төлөмдөрдү төлөбөсө, балдарга моралдык кысым көрсөтүлөрүн айтышканын билдирди депутат. "Мамлекет мектептерди жетиштүү камсыздагыдай кылуу же ата-энелерден чогултулган каражаттар ачык болушун камсыздоо үчүн жаңы долбоор сунушталууда",- деди Бекешев.

Депутат Карамат Орозова мектептерде кандайдыр бир фонд ачылары менен текшерүүлөр көбөйүп, окуу процессине тоскоол боло турганын айтса, депутат Гүласал Садырбаева мындай демилгени "ата-энелерден каражат чогултуу көрүнүшүн мыйзамдаштыруу" деп атады.  

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун биринчи окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан