Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп турганда 5 акимди иштен мыйзамсыз бошоткону аныкталды

Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 2-декабрдагы жыйынында премьер-министрдин 2013-жылдын 12-апрелиндеги буйруктары менен Ат-Башы, Ак-Талаа, Ноокат, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун акимдеринин кызматтан бошотулушунун мыйзамдуулугу талкууланды. Жыйында аталган акимдер кызматынан мыйзамсыз бошотулганы тастыкталганы айтылды.

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматовдун айтымында, беш райондун акимдерин кызматтан бошотуу менен мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан Конституциянын талаптары бузулган. "Мыйзамга ылайык, райондун акимдери жергиликтүү кеңештердин макулдугу менен гана кызматтан бошотулууга тийиш. Башкы прокуратура бул боюнча өкмөткө тиешелүү актыларды жөнөткөн, бирок сотко тапшырылган эмес, акимдердин өздөрү да кайрылган эмес",- дейт Бекмаматов.

Депутаттар өкмөт башчынын буйругу менен акимдердин эле эмес, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын да укуктары бузулганын айтышты.

Ж.Сатыбалдиев Кыргызстандын өкмөтүн 2012-жылдын 6-сентябрынан 2014-жылдын 25-мартына чейин жетектеп турган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан