Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында депутаттар Баткенде быйыл 7-майдагы чатакта тажикстандык жарандардан жабыр тарткан кыргыздардын чыгымдары тууралуу маселе көтөрүштү. Депутаттар вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевден “Келтирилген чыгымдар тажик бийлиги тарабынан төлөнүп берилдиби?” деп сурашты.
Маматалиев буга так жооп бериле электигин айтты. “Баткендин жергиликтүү бийлигинен сурасак, 1 миллион 200 миң сом төлөп берди деп жатат. Бирок Тажикстан “9 миллион сомдук чыгашанын баарын бердик” деген. Ошондуктан чыгашаны жана канча акча которулуп берилгенин тактап чыгуу үчүн тапшырма берилди”,- деди Маматалиев.
Депутат Улукбек Кочкоров чыгашаны бюджеттин эсебинен бөлүп берүү сунушун киргизди.