Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы муфтиятты 2011-2012-жылкы салыктардан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Демилгени депутат Ташполот Балтабаев “Республика” фракциясынын 5-декабрдагы отурумуна алып чыкты. Айтымында, муфтият коомдук уюм болгондуктан, ага салык салуу туура эмес.
“Муфтиятты 2011-2012-жылкы салыктардан бошотууну сунуштап жатабыз. Эгерде салыктан бошотулбаса, кылмыш иши козголгону турат. Дүйнө жүзүндө идеологиялык күрөш жүрүп жатканда биз салттуу динибизди кысымга алып, муфтийлерге кылмыш ишин козгоп, камашыбыз туура эмес”,- деди депутат.
Депутат фракциядан аталган сунушту 3-окуудан колдоп берүүнү суранды.
Фракция мүчөсү Чолпон Султанбекова сунушка каршы. “Катачылык кетирип койду, кечирели” деп жатканыбыз туура эмес. Мыйзамдардын негизинде карап чыгалы”, - деди депутат.
Жыйынтыгында депутаттар демилгени 1-окууда жактырышты.