Асылбек Жээнбеков "2015-жылдын республикалык бюджети өтө күчтүү эмес" деди

"2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоору өтө күчтүү эмес". Муну спикер Асылбек Жээнбеков 10-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин айтты. Спикер өкмөткө бюджет боюнча оптимисттик гана эмес, пессимисттик вариантта да пландоону сунуш кылды.

“Бул мыйзам менен биздин мамлекет 3 жыл жашайт. Ошондуктан өкмөт депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди эске алуусу керек. Андан сырткары оптимисттик гана эмес, пессимисттик вариантын да пландоо керек. Кийинки жылы дагы өзгөртүүлөрдү карайбыз”,- деди Жээнбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан