2014-жылдын республикалык бюджети башынан аягына чейин толук жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда парламент жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Жыйында 2015-жылдын республикалык бюджети кабыл алынды. Депутат Исмаил Исаков өкмөт бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзамдарды аткарбай жатканын айтты эле, Сарпашев каршы экенин билдирди. "Эгер айтылган сунуштардын баарын эске алсак, анда кошумча 15 миллиард сом талап кылынат",- деди биринчи вице-премьер.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев республикалык бюджетти кабыл алып бергени үчүн ыраазычылык билдирип, өкмөт бюджетти толук аткарууга бардык аракетин жумшай турганын убадалады.