"2015-жылдын республикалык бюджети амбициялуу" деди өкмөт башчы

"2015-жылдын бюджети сапаттуу, эффективдүү жана амбициялуу",- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 10-декабрда Жогорку Кеңеште. Айта кетсек, парламент бүгүн “КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды. Бюджет тышкы саясатка карабай амбициялуу пландалганын айткан Оторбаев: “2014-жылдын бюджетине салыштырмалуу долбоордун сапатына көңүл бурдуңар. Ички дүң продукциянын өсүшүн 6,2 пайызга көрсөтүп жатабыз. Бирок бул өтө эле амбициялуу сан”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан