Каржы министрлиги: Ноябрда маяналар үчүн 1 миллиард 696 миллион сом жумшалды

Кыргызстанда 2014-жылдын ноябрь айында маяналар үчүн республикалык бюджетттен 1 миллиард 696 миллион сом жумшалды. Муну бүгүн, 11-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме ноябрда республикалык бюджеттин чыгашасы 10 миллиард 293 миллион сомду түзгөнүн маалымдады.
"Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 1 миллиард 256 миллион сом, "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 544 миллион 800 миң сом, "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 1 миллиард 17 миллион сом жумшалганы айтылды. "Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө бөлүндү",- деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан