КРнын маданият күнүнө карата КРӨнүн Талас облусунун ыйгарым
укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен атайын иш-чаралар 6-ноябрда Таластагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте концерттик программасы менен өткөрүлдү.
КРӨнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
Р.Ботиков маданият кызматкерлерин расмий түрдө куттуктап, аталган майрамга
карата маданият тармагына эмгеги сиңген кызматкерлерди Ардак грамоталар жана
баалуу сыйлыктар менен сыйлады. Ошентип 5 кызматкер баалуу сыйлыкты жана 10
кызматкер ардак грамоталарды көрүп, кубанычтуу үйлөрүнө кайтышты.