Талас. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү “Супер-Инфого” ийгиликтерди каалады
Бүгүн Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма
сөз күнүнө карата салтанат болуп өттү. Салтанатка атайын чакыруу менен
“Супер-Инфонун” Таластагы өкүлчүлүгү да катышты. КРӨнүн Талас облусунун ыйгарым
укуктуу өкүлү К.Курманалиева маалымат жана басма сөз кызматчыларын куттуктап,
сөз сүйлөдү. Телевидениенин жана гезиттердин журналисттерин Ардак
грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. К.Курманалиева өз сөзүндө
“Супер-Инфо” гезитинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына аз убакыт
болгонуна карабай, маалыматты элге жеткирүүдө алгылыктуу иштеп жаткандыгын баса
белгилеп, ийгиликтерди каалады.