Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин демилгеси менен "Манас" эпосу адамзаттын руханий мурастарынын дүйнөлүк объекттеринин тизмесине кирди. Муну парламенттин маалымат кызматы 15-декабрда билдирди. Эпостун тизмеге киргизилгенин тастыктаган сертификат КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы кеңешинин башкы катчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин өкүлү Нурбек Сатыбалдиевге тапшырылганы айтылды. Анын айтымында, кыргыздын башка объекттерин тизмеге киргизүү иштери мындан ары да уланат. Аталган тизмеге "Манас" эпосунан тышкары Санкт-Петербург шаарындагы Г.А.Товстоногов атындагы драма театры, Чеченстандагы "Чеченстандын жүрөгү" аттуу мечит жана башка объекттер кирген.