Абдырахман Маматалиев коомдук кабылдама аркылуу жолугушкан жарандарга "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу айтып берди

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 15-декабрда алдын ала кабыл алууга жазылган жарандар менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт өкүлү жарандарга коомдук коопсуздук, мыйзамдуулуктун сакталышы, "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу маалымат берди. Маматалиев жарандар айткан арыздар тийиштүү органдарга жөнөтүлөрүн жана алардын аткарылышы көзөмөлдө болорун убадалады. 
Өкмөттүн маалымат кызматы коомдук кабылдама күн сайын иштеп жатканын, жарандар кайрылууларын премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, өкмөттүк аппараттын башчысына жана орун басарына жолдоого дайым мүмкүнчүлүк бар экенин эскертет.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан