Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 19-декабрда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда карады. Долбоор Бишкек, Ош шаарларын жана Ысык-Көл облусундагы жол, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Жыйын жүрүшүндө айрым депутаттар: “Коопсуз шаар” долбоорун кечиктирип жатканыбыз уят. Ички иштер министрлиги реформага муктаж. Буга чейин 3 ирет реформа жүргүзүлүп, бирок ишке ашпай келген, долбоорду колдойлу”,- дешти.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты.