Парламенттеги КСДП фракциясы эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына
Айбек Азыранкуловдун талапкерлигин жактырды. Мындай чечим фракциянын 19-декабрдагы жыйынында кабыл алынганын фракция мүчөлөрү
SUPER.KG`ге билдиришти. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдогону айтылды.
Айта кетсек, Айбек Азыранкулов буга чейин Чүй облусунун губернатору болуп иштеген.
Туулган жылы - 1979-жыл, 10-январь.
Туулган жери - Чүй облусу, Панфилов району, Чалдыбар айылы.
Билими - жогорку, Бишкек гуманитардык университети, психолог.
Улуту - кыргыз.
Билген тилдери - кыргыз, орус.