Президент
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-декабрда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана
ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин күнү менен
куттуктайм.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик
комитетинин иши натыйжалуу мамлекеттик башкаруу системинин маанилүү элементи
болуп саналат. Терроризмге жана экстремизмге бөгөт коюу жана коопсуздукту
камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп
чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча татаал иш сиздерден жогорку кесипкөйлүктү,
кайраттуулукту жана ак ниеттүүлүктү талап кылат. Улуттук коопсуздук органдарынын бардык кызматкерлери чынчыл
болуп, мыйзамды сактап жана өз иштерин кынтыксыз аткаруусу абдан маанилүү.
Мамлекеттин өкүлдөрү катары чекисттер жаңылбашы керек. Элдин бийлик органдарына
болгон ишеними сиздердин так жана шайкеш уюшкандыктагы ишиңиздерге жараша
болот. Сиздердин ишиңиздер биздин республиканын аймагында алгачкы
өз алдынча чекисттик орган түзүлгөн убакыттан тартып калыптанган эң мыкты
салттарга таянып жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу биздин сыймыктуу
чекист-ардагерлерге ыраазычылык билдирем. Алар бүгүнкү күндө алдынкы катарда
болуу менен мекенди коргоочулардын жаңы муунун тарбиялоонун эң мыкты салттарын
сактап жана өнүктүрүп, үлгү болуп келишет.
Бүгүнкү майрам күнү - чекисттин күнүндө ушул татаал жана
кооптуу, бирок урмат-сыйга татыктуу жолду - жамандыкка каршы турууну,
мамлекеттүүлүктү коргоону жана чыңдоону, элдин тынчтыгын жана бакубаттыгын
сактоону, ар дайым мамлекеттин чектерин кайтарууда турууну тандагандарды чын
жүрөгүмдөн куттуктайм.
Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, байгерчилик жана
бакты-таалай каалайм!"