Кыргызстанда жылына 5,5 миңдей адам кант диабетине чалдыгууда

Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-декабрда кант диабети жөнүндө мыйзамдын аткарылышы талкууланган парламенттик угуу өтүүдө. Жыйында депутат Дамира Ниязалиева өлкөдө бир жылда 5,5 миңдей адам кант диабетине чалдыгып жатканын билдирди. "Алардын арасында балдардын басымдуулук кылары - тынчсыздандыруучу көрүнүш. Конституцияга ылайык, "ар бир адам саламаттыкты сактоодо тиешелүү укуктардан пайдаланат" деп жазылганы менен, аны ишке ашыруу жагы талаптагыдай эмес",- дейт депутат.

Депутат аталган илдетти дарылоого караганда профилактикалык иштерди жүргүзүү арзан экенин кошумчалады. Парламенттик угууга парламент депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук онкология борборунун адистери, дарыгерлер жана башкалар катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан