Кыргызстанда дыйкандар 19-декабрга карата “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында 5 миллиард 297 миллион 699 миң сом жеңилдетилген насыя алышты. Муну бүгүн Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Насыя 15 522 жаранга берилгени айтылды. Берилген насыяларды жумшоо багыты төмөнкүдөй:
Өсүмдүк өстүрүүгө 404 миллион 717 миң сом;
Мал чарбачылыгына 4 миллиард 114 миллион 890 миң сом;
Агроөнөржайлык кайра иштетүү, үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдерине 778 миллион 092 миң сом.