Кыргызстанда 23780 көп балалуу эне жөлөк пул алат

Учурда Кыргызстанда 23780 көп балалуу эне жөлөк пул алат. Бул маалыматты бүгүн, 5-февралда ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Ошондой эле ал жылына жөлөк пул төлөөгө мамлекеттен 285 миллион 360 миң сом бөлүнөрүн айтты. Депутат билдиргендей, ай сайын көп балалуу энелер 1000 сом, ал эми тоолуу аймактарда жашаган энелер 2000 сомдон жөлөк пул алышат. Бул сумма өтө аз экенин айткан эл өкүлү жөлөк пулду көтөрүү зарылчылыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан