Кожобек Рыспаев: "Чиновниктер кыргыз тилин билбегени үчүн айылдан келгендер көйгөйүн айта албай жатышат"

“Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билбегени үчүн айылдан келгендер көйгөйлөрүн айта албай жатышат”,- деп билдирди депутат Кожобек Рыспаев. Депутат бул тууралуу 19-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты. Анын билдиришинче, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт.  

“Ар бир улут өз тилинде сүйлөөгө укуктуу. Бирок биз кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Кыргыз тилине басым жасап, эч кимдин укугун тебелеген жокпуз. Болгону мамлекеттик тил жогорку деңгээлде сүйлөнсүн деп жатабыз”,- дейт Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан