Жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнө жаңы ыйгарым укуктарды берүү улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда өкмөт жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, бул процессти чектөөчү элемент - жергиликтүү бийликтин учурдагы потенциалы. "Эгерде алардын потенциалы жетишпесе, ыйгарым укуктар менен камсыздоого толук даярбыз. Биздин айыл өкмөттөрүнө укуктар жакын арада берилет деп ойлойм. Реформа жасашыбыз керек. Жергиликтүү бюджеттин түзүмүн өзгөртүү керек. Бул процессти жүргүзүп жатабыз, бул маселе абдан маанилүү",- деди өкмөт башчы.