Түркиялык авиакомпания "Жүк 200" жаатында Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

Түркиялык авиакомпаниялардын бири "Жүк 200" жаатында Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр. Маалыматты 19-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мындай убада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун "Түркиялык авиалиниялар" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Хамди Топчу менен жолугушууда айтылган. Компания өкүлү Түркияда каза болгон кыргызстандык жарандарды мекенине жөнөтүүгө колдоо болорун айткан. 
Тараптар кыргыз-түрк саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да пикир алышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан