"Парламенттик демократиянын арты менен биздин мамлекет алдыга карай өнүгүүдө, стратегиялык максаттар жана тапшырмалар аткарылууда",- деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Бул тууралуу төрага бүгүн, 19-декабрда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жан-Мишель Хаппини кабыл алууда айтты. Спикер Кыргызстандагы демократиялык жол кайра артка кайтпай турганын кошумчалады. "Азыркы кезде негизги күч Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгүн ар тармакташтырууга, өнүккөн транспорт-коммуникациялык, өнөр жай инфраструктуралык түзүмүн түзүүгө, ошондой эле энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Мына ушул контекстте биздин эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоолор өзгөчө маанилүү",- деди Жээнбеков.
Жолугушууда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери буга чейин ишке ашырылган 43 долбоордун негизинде жалпы суммасы 832 миллион доллар жардам бергени айтылды.