Өзгөндүн тургундары кен иштетүүдө мыйзам бузуп жаткан компанияларга чара көрүүнү өкмөттөн талап кылышууда

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылынын активдери менен жолугушуп, Сары-Таш аки таш кенине байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү талкуулады. Муну бүгүн, 19-декабрда аталган агенттиктен кабарлашты. Жергиликтүү тургундар бир катар компаниялар өздөрүнүн лицензиялык милдеттенмелерин, мыйзамдарды бузуп жатканын айтышты. Алар катуу жаза көрүлүшү керек деп эсептеген компаниялардын тизмесин беришти агенттик башчысына. 
Геология агенттигинин өкүлдөрү аталган кендин айланасындагы иштерди териштирип чыгуу иши 2015-жылдын 15-февралына чейин аяктай турганын, күнөөлүү тарапка тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтышты.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан