Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн 19-декабрдагы жыйынында айрым министрлик жана мекемелердин башчыларына сөгүш жарыялоону өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сунуштады. Тактап айтканда, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетовго, Экологиялык жана техникалык инспекциянын жетекчиси Таалайбек Нурбашевге сөгүш берүү керектиги айтылды. Маалыматка таянсак, аталган жетекчилер 2014-жылкы иш пландарын толук аткара алышкан эмес.