"Мамлекеттик компаниялардын менеджерлери учурда советтик систем менен иштеп жатышат". Муну өкмөттүн 19-декабрдагы жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирип, кадрдык резервди түптөө актуалдуу экенин кошумчалады. "Эң ири компаниялар менеджерге кызыкдар эмес. Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда өз ара кызматташуу жок, жыйынтыгында жоопкерсиздик келип чыгууда, ким жооптуу экени түшүнүксүз болууда. Мамлекеттик корпорацияларды башкаруу жаатында альтернатива жок, альтернативасыз кадрдык чечимдерди кабыл алып жатабыз. Кадрдык резерв жок",- деди Оторбаев.