Өкмөттө бүгүн, 19-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу жыйын өттү. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдар алдына коюлган планды кынтыксыз аткарышы керектигин белгилеп: "Биздин милдет - күч аянбай иштөө жана ишибиздин жыйынтыгын Кыргызстандын элине көрсөтүү",- деп билдирди.
Премьер-министр кийинки жылга ар бир мамлекеттик мекемеге 766дан тапшырма берилгенин кошумчалады. "Бул тапшырмаларды аткарууга мамлекеттик органдардын жамааттарынын тынымсыз иштөөсү талап кылынат. Жетекчилер башкарууда эффективдүү менеджментти колдонушу керек",- деди премьер.