Соттук экспертиза борборунун кызматкерлери укук коргоо органдарында иштегендерге атайын семинар өткөрүштү

2014-жылдын 9-13-декабрь күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунун эксперттери тергөө органдарына семинар-конференция өткөрүштү. Семинарга Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ички иштер башкармалыктарынын тергөөчүлөрү жана прокуратуранын тергөөчүлөрү катышышты.

Юстиция министрлиги билдиргендей, семинардын алкагында эксперттер укуктук негиздер, соттук экспертизаларды дайындоо негизи жана аларды дайындоодо тергөө органдары тарабынан келтирилген каталардын алдын алуу жаатында сөз кылышты. 

Жыйынтыгында катышуучулар семинардан алынган маалыматтардын актуалдуулугун белгилешти. Баткен жана Жалал-Абад облустарында Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунун филиалдарын ачуу зарылчылыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан