Орусия Кыргызстандын армиясын заманбап куралдар менен камсыздайт

Эл аралык коалициянын аскер түзүмдөрүнүн Ооганстандан чыгышынан улам Орусия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жана куралдандыруу боюнча программаларды ишке ашырат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев менен жолугушуусунда билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.

Министрдин айтымында, учурдагы кырдаал эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүгө чоң түрткү болууда. "Буга бир нече себеп бар. Эң биринчи жана негизги себеп - коалициялык күчтөрдүн Ооганстандан чыгуусу. Мурдагы жылдары ушул өлкөдө болгон окуялардын кайталанбашына толук ишенимдүүлүк жок болууда. Мындан улам биз өз тарабыбыздан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жана кайра куралдандырууга бардык керектүү иш-аракеттерди жасап жатабыз",- деди Шойгу.

Анын билдиришинче, тиешелүү программа бекитилген жана орус тарап аны ишке ашыруу боюнча иш алып барууда. "Керектүү келишимдер бекитилген. Ошентип, биз кыргыз армиясына заманбап орусиялык куралдарды жөнөтүүнү баштадык",- деп баса белгиледи Орусиянын коргоо министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан