Бүгүн, 23-декабрда парламенттин Экономика жан фискалдык саясат комитети "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун күн тартибине кезексиз киргизип, биринчи окууда колдоого алды. Бул мыйзам долбоорунда айрым бир товарларга акциздик салыктын базалык ставкасын жогорулатуу каралган. Алсак, алкоголдук продукцияларга: арак-шараптарга 1,5 эсеге, сырага 1,2 эсеге, жеңил ичимдиктерге 3,3 эсеге, күйүүчү-майлоочу майларга: бензинге 1,6 эсеге, дизель майына 2,5 эсеге, мазутка 1,6 эсеге жогорулатуу белгиленген. Бул рыноктогу кырдаалга жараша өзгөрүп турат.
Комитет мүчөлөрү "Бажы тарифи жөнүндөгү" мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүнү да колдоп берди. Мында сырттан келип жаткан жаратылыш газынан алына турган 35 пайыздык бажы алымдарын алып салуу жагы каралган.