Алмазбек Атамбаев: "Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өлкөлөргө Ооганстандагы кырдаал кооптуу бойдон калууда"

"Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугунун негизги коркунучтарынын бири -мурункудай эле Ооганстандагы кырдаал". Муну Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 23-декабрда Москвада өтүп жаткан ЖККУнун саммитинде айтты. "Учурда биздин көңүл борборубузда жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен, мунун ичинде эл аралык терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүү турат. Мурункудай эле Ооганстандагы кырдаал ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат деп эсептейбиз. Аскердик чыр-чатактарды көрүп жатабыз, мисалга Тажикстандын чек арасындагы окуяны айтсак болот",- деди президент. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан