Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Дамира Ниязалиеванын жана эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Айбек Азыранкуловдун талапкерлигин карайт. Мындай чечимди депутаттар парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алышты. Талапкерлерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тааныштырмакчы.
Айта кетсек, эки талапкерди Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча жана Социалдык саясат боюнча комитеттери 23-декабрда карап, жактырышкан.