Баткенде чек арачыларга курулуп жаткан үйдү бүтүрүүгө быйыл 15,1 миллион сом жумшалды

Баткен облусунун Исфана шаарында чек арачылар үчүн салынып жаткан 16 батирлүү үйдүн курулушуна быйыл 15,1 миллион сом жумшалды. Муну бүгүн, 24-декабрда Каржы министрлиги кабарлады.  

"Курулушка 2013-жылы республикалык бюджеттен 14 миллион сом бөлүнгөн. 2014-жылы бекитилген мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмегине ылайык, 16 батирлүү бул үйдүн курулушун аяктоого 15,1 миллион сом каралган. Көрсөтүлгөн сумма Турак жай-жарандык курулуш департаментине толугу менен бөлүнүп берилди",- деп билдирет министрлик.

Айта кетсек, аталган үйдүн курулушу 2013-жылы башталган, жалпы баасы 29,1 миллион сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан